Анда: «Ансыз да пандемия шартында экономикасы жабыркаган Кыргызстанда январь-август ичинде мунай тазалоо өндүрүшү төрт млрд. сомдон 841 млн. сомго чейин төмөндөп кеткен. Текстил, тигүү өнөр жайы 5,3 млрд. сомдон 3,8 млрд. сомго чейин, кен иштетүү 467 млн. сомдон 402 млн. сомго азайган. Ал эми жашылча-жемиштерди сыртка экспорттоонун көлөмү 731 миң доллардан 167 миң долларга чейин төмөндөгөн.
Инвестиция былтыркы сегиз айга салыштырмалуу 9,2% төмөндөсө, тышкы инвестициянын көлөмү быйылкы тогуз айда 27 % кемиген. Мамлекеттик бюджетке түшүүчү киреше былтыркыга салыштырмалуу 8 080,4 млн. сомго азайган. Натыйжада август айында мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгү 76 904,9 млн. сомду түзүп, ички дүң өнүмдүн 27,3% гана түзгөн. Туризм тармагы быйыл пандемияга байланыштуу киргизилген чектөөлөрдөн улам жарым-жартылай да иштеген жок», деп жазылган.
Кайрылуу ээлери пандемияда жабыркаган ишкер чөйрө 5-октябрда башталган башаламандык учурунда да зыян тартып жатканын белгилешет. Алар башаламандык башталган күндөн бери Кара-Кече, Жамгыр, Кичи-Чаарат, Иштамберди, Бозымчак, Жерүй кендеринде иш токтоп калганын эскертишүүдө.
«Эң көп зыян түздөн-түз коомдук тамактануучу жайларды иштеткен ишкерлерге тийип жатат. Күн сайын коркунучтуу кырдаал, талап-тоноо, рейдерлик баскынчылык ишкерлердин жүрөгүн алып бүттү. Кылмыш топтору, талоончулар күч алды. Инвесторлорду жана ишкерлерди коргоочу механизмдер алигүнчө жок. Мындан эң ириде өзүбүздүн жарандар ишсиз калуу коркунучу турат», деп жазылган кайрылууда.
Маалыматта жазылгандай, 5-октябрдан берки башаламандыктардын натыйжасында сырттан келүүчү 210 млн. долларлык бизнес-келишим, 20дан ашуун келишимдер жокко чыккан. Миллиарддаган сомдук чыгашаларга алып келүүчү саясий туруксуздук өлкөдө жумушсуздуктун күч алып, мамлекеттик бюджеттин толбой калышына, бул өз кезегинде өлкөнүн социалдык-экономикалык абаланын начарлашына алып келерин белгилеген НАБА бардык саясий тараптарды тынч сүйлөшүүгө отуруп, мыйзам жолуна түшүүгө чакырган. Ал эми президенттен Бишкек шаарына киргизилген өзгөчө абалдын шарттарын жумшартуу маселесин кароону, ишканалардын кызматкерлерине, жүк ташыган автоунаалардын иштешине мүмкүнчүлүк берүүнү өтүнгөн.
Ишкерлердин кайрылуусунда «туруктуулук орногондон кийин да менчик талашуунун, басып алуунун алдын алуу чаралары иштелип чыгышы зарыл. Бул кырдаалдардан кийин Кыргызстанды оор экономикалык жыл күтүп турат. Бизнес-коомчулукка пандемиянын жана башаламандыктын кесепетин азайтууга көмөктөшүү зарыл, ишкерлерди консультациялык-координациялык кеңештерге кошуп, бизнес-коомчулуктун да пикири эске алынсын» деген талаптар жазылган.