Эмомали Рахмон кайра президент болуп шайланды

15:28, 12 октября 2020, Бишкек - 24.kg

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон алдын ала жыйынтыктар боюнча, 11-октябрда өткөн шайлоодо бешинчи ирет мамлекет башчылыкка шайланды. Бул тууралуу эл аралык ЖМК маалымдайт.

Борбордук шайлоо комиссиясы 12-октябрда билдиргендей, Рахмонго шайлоочулардын дээрлик 91 пайызы добушун беришкен. Мекеменин башчысы Бахтиер Худоерзоданын айтымында, шайлоого добуш берүүгө укуктуулардын 85,4 пайызы катышкан.

Тажикстанды 1992-жылдан бери башкарып келген Рахмон буга чейин төрт шайлоодо жеңип чыккан. Алардын бири дагы Батыш байкоочулары адилеттүү жана эркин өтпөгөнүн билдирип келишет.