Боршайком Өмүрбек Текебаевдин мандатын кайтарып берүүдөн баш тартты

14:43, 12 октября 2020, Бишкек - 24.kg

Боршайком Өмүрбек Текебаевдин мандатын кайтарып берүүдөн баш тартты. Бул тууралуу мекемеден билдиришти.

Маалыматка караганда, «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев мандат ала албайт. Анткени, азыр бош мандат жок.

Өткөн жумада Өмүрбек Текебаев мандат алуу үчүн Боршайкомго кайрылды.