Республикалык штаб коронавирус көбөйүп бара жатканын белгилейт

11:52, 12 октября 2020, Бишкек - 24.kg

Өлкөдө коронавирустук инфекциянын жаңы учурларынын көбөйүшү байкалып, өлүм күн сайын катталууда. Бул тууралуу Республикалык штаб маалымдайт.

Штаб санитардык нормаларды сактоого чакырат.

Беткап тагынып, социалдык аралыкты сактоо зарылдыгын белгилейт.

«Азыр ОРВИ жана грипптин мезгили экендигин, адамдын денеси аялуу экендигин, иммунитетти чыңдап, ден соолугуңузга кам көрүү маанилүү экенин унутпаңыз», — дейт штаб.

Март айынан бери 49 миң 528 киши вируска чалдыгып, 1 миң 90 каза тапты.