15:30
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

УКМК жогорку кызматтагы аткаминерлерди чыгарбоо чечимин кабыл алды

Кыргызстандын Коопсуздук кеңеши чек араларды жабуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу «Интерфакс» агенттигине мекеменин катчысынын орун басары Өмүрбек Суваналиев билдирди.

Бул маалыматты Мамлекеттик чек ара кызматы да ырастады. «Бизге өлкөдөн жогорку кызматтагы аткаминерлерди чыгарбоо тууралуу буйрук келди. Албетте биз аны аткарабыз», — дейт мекеменин өкүлү.

Суваналиевдин айтымында, азыр президент Сооронбай Жээнбеков менен премьер-министр Кубатбек Бороновдун кайсыл жерде экени белгисиз.

«Жумуш орундарын таштап кеткен кызмат адамдары кайсыл жерде экенин так айта албайбыз, көпчүлүгү жашырынып жүрөт. Алардын айрымдары, мисалы Боронов аралыктан иштеп жатканын, иштен кетүү тууралуу арыз жазбаганын билдирүүдө. Мындай реваншисттер көп, бул чоң кагылышууларга алып келиши мүмкүн», — деди ал.

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби