Жогорку сот Садыр Жапаровду актаган жок. Кылмыш ишин кайра иликтөөгө жөнөтүлдү

10:15, 09 октября 2020, Бишкек - 24.kg

Жогорку сот Садыр Жапаровду актаган жок. Бул тууралуу Жогорку соттун токтомунда айтылат.

Токтомдо Садыр Жапаровдун иши жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу кайра кароого жөнөтүлөрү белгиленет.

Мындай чечим 6-октябрда кабыл алынып, ишти кайра кароо Башкы прокуратурага жөнөтүлдү.

Эске салсак, 16-июлда Аламүдүн райондук соту саясатчы Садыр Жапаровдун мунапыска байланыштуу түрмөдөгү жаза мөөнөтүн кыскартуу боюнча Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын сунушун кабыл алган эмес. ЖАМК Садыр Жапаровдун жаза мөөнөтү 2026-жылдын 5-сентябрында бүтөрүн, ага мунапыс берилсе абактагы мөөнөтүн 2023-жылга чейин кыскартууга болорун билдирген.