Кечээ Жогорку Кеңештин депутаттары жыйынга топтоло алган жок

10:30, 08 октября 2020, Бишкек - 24.kg

Кечээ Жогорку Кеңештин депутаттары «Жаннат» отелине топтолушту. Бул тууралуу депутат Элвира Сурабалдиева билдирди.

Анын айтымында, жыйынга 35 депутат катышып, кворум болгон жок.

Жыйында премьер-министрдин кызматын убактылуу жетектей турган талапкер каралып, президент Сооронбай Жээнбековго импичмент жарыялоо маселеси көтөрүлмөк.

Президент импичмент жарыялоону баардык депутаттар колдогон жок. Ага Мыктыбек Абдылдаев менен Айнура Аскарова кол койгон эмес.