Ош шаарынын мэри кызматтан бошотулду

13:00, 06 октября 2020, Бишкек - 24.kg

Ош шаардык шаар мэри Таалайбек Сарыбашов кызматтан бошотулду.

Шаардык кеңеште мэр Таалайбек Сарыбашовго ишеним көрсөтпөө чечимин жыйынга катышкан 31 депутат бир добуштан кабыл алды. Мэрдин милдетин аткаруу кызматын биринчи вице-мэр Саибжан Турдуевге жүктөлдү.

Учурда шаар кеңешинин чечими боюнча токтом жазылууда. Токтом өкмөткө жиберилет.