Ала-Тоо аянтында өтүп жаткан митинге «Замандаш», «Республика», «Ата-Мекен» жана «Бир Бол» партиялары дагы кошулду.
«Бир Бол» партиясынын лидери Алтынбек Сулайманов кайра шайлоо өткөрүүнү талап кылды.
«Биз бул шайлоону тааныбайбыз. Кайра шайлоо болсун. Шайлоодо уткан үч партия кийинки шайлоого катышпасын», — деди ал.
Аянтта «ууру коррупционерлер кетсин» деген ураан кайталанууда.
«Чоң казаттын» лидери Сыймык Жапыкеев элдерди таркап кетпөөгө чакырып жатат.
«Эч жакка кетпегиле. Азыр боз үй курабыз», — деди ал.