Шайлоодо жеңилген партиялар эки бөлүнүп митинг өткөрүүдө.
Ала-Тоо аянтындагы митингде «Реформа», «Мекен ынтымагы», «Чоң казат» партиялары чогулду. Учурда алар түшкү тамакка акча топтоодо.
Опера балет театрынын алдында «Замандаш», «Ата-Мекен», «Республика» жана «Бир бол» партиялары топтолду.
«Замандан» партиясынын лидери Чынара Шейшеекева шайлоону жокко чыгарууну талап кыларын билдирди.
«Акча алсаңар алгыла, ал элдин акчасы болчу. Эми көзүңөр ачылды. Эми артка кайтпагыла. Шайлоо жокко чыксын», — деди Чынара Шейшекеева.