12:57, 05 октября 2020, Бишкек - 24.kg
Кыргызстанда жетинчи чакырылыштагы Жогорку Кеңешке болгон шайлоо аяктады. Ага катышкан 16 партиядан парламентке төртөө гана өтүп жатат.
Өтпөй калган партиялардын көбү кечээ шайлоо жыйынтыгы менен макул эместигин билдиришти.
Бүгүн болсо беш партия — «Реформа», «Ордо», «Мекен Ынтымагы», «Чоң казат» жана «Ыйман нуру» жолугушуу өткөрүп, биргелешип аракеттенүү чечимине келишти.
Бул саясий уюмдар да шайлоо жыйынтыгы менен макул болгон жок. Алар добуш берүүнү жокко чыгарууну өтүнмөкчү.