Борбордук шайлоо комиссия саат 11.00гө 2 миң 475 шайлоо тилкесиндеги бюллетендерди эсептеп чыкты. Бул тууралуу мекемеден билдирди.
Маалыматка караганда, шайлоо тилкелеринин 97,25 пайызында добуштар саналып бүттү. Калган тилкелер чет өлкөдө жайгашкан.
«Биримдик» — 24,9 пайыз, «Мекеним Кыргызстан» — 24,27 пайыз, «Кыргызстан» — 8,9 пайыз, «Бүтүн Кыргызстан» — 7,25 пайыз.
7 пайыздык босогого «Мекенчил» (6, 96 пайыз) менен «Республика» партиясы (5,89 пайыз) жетпей турат.