USD87.45EUR98.08RUB1.04
24.kg

Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоого 2 миллионго жакын адам келди

10:19, 05 октября 2020, Бишкек - 24.kg

Күндүн жыйынтыгы боюнча 1 миллион 980 миң 240 адам шайлоого келди. Бул тууралуу брифингден БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Анын айтымында, шайлоочулардын 56,2 пайызы добуш берди. Саат 20.00дө өлкөдөгү баардык 2 миң 430 шайлоо участкасы жабылды.

Ош шаарынын тургундары добуш берүүгө жигердүү катышты, алардын 68,3 пайызы шайлоого келди, ал эми Баткен облусунда шайлоого келгендердин 50,34 пайызы гана катталды.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18