Армения ТИМи Азербайжан Тоолуу Карабакта күч колдонгонун жана согуштук аракеттерге Түркиянын катышып жатканын сындады. Билдирүүдө Ереван жаңжалды тынч жол менен чечүүнү жактай турганы, бирок Азербайжандын агрессиясына жооп кайтарууга кудуреттүү экени белгилеген.
Баку армян ТИМинин билдирүүсүнө комментарий берген жок.
Париж менен Москва Азербайжан тарапта Түркиянын сириялык жалданма аскерлери согушуп жатканын билдирүүдө. Алардын арасында «Ислам мамлекети» террордук тобуна кирген жоочулар да бар.
Белгилей кетсек, Азербайжан менен Армения ортосунда Тоолуу Карабахка байланыштуу жаңжал 27-сентябрда кайра күч алып, эки өлкө аскердик абалга өткөнүн жарыялады. Аймакта эки өлкө 1980-жылдардын аягынан бери тирешүүдө.
Атышууда Толуу Карабах аймагында аскерлерден сырткары, жай тургундар дагы каза болгону айтылууда.