Кыргыз режиссеру Данияр Абировдун кыска метраждуу «Оттор» аттуу тасмасын Амстердамда көрсөтүшөт. Бул тууралуу «Кыргызфильм» сайтында маалымдалган.
Билдирүүгө ылайык, 7-8-октябрда Нидерландда Cinekid балдар фестивалы онлайн өтмөкчү. Кыргызстан бул иш-чарага «Оттор» аттуу кыска метраждуу тасмасын катыштырмакчы. Башкы ролдорду Бактыбек Орозбеков, Элхан Орозбеков жана Нурали Жанышев ойноп чыгышты.
«Жаңы жылдык түн — лапылдап жааган кар жана жарылып жаткан фейерверктердин добушу. Бирок кар да, салют да жок болсо тышка чыккың келбейт экен», — деп жазылат тасманын сүрөттөлүшүндө.
Тасма биринчи жолу былтыр, ноябрь айында Бишкекте өткөн «Үмүт» форумунда көрсөтүлгөн.