COVID-19. Бир суткада вирус жуктургандардын саны 200дөн ашты

11:30, 02 октября 2020, Бишкек - 24.kg

Өлкө боюнча коронавирус жуктурган 215 учур катталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министрлигинин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, 215 бейтаптын 153инен коронавирус, 62 пневмония аныкталды.

Аймактардан эң көп жугузуу Баткен облусунда катталууда. Бир суткада региондо 63 бейтаптан вирус табылды.

«Баткен районунда жана Кызыл-Кыя шаарында катталып жатат. Учурда биздин илимпоздор, жетекчилик аймакка барып, абалды иликтөөдө», — дейт Нурболот Үсөнбаев.

Өткөн суткада Баткен облусунда — 63, Бишкек шаарында — 17, Ош шаарында — 19, Чүй облусунда — 23, Ош облусунда — 41, Талас облусунда — 1, Нарын облусунда — 1, Ысык-Көл облусунда— 10 жана Жалал-Абад облусунда — 40 учут болду.

Март айынан бери 47 миң 56 киши вируска чалдыгып, 1 миң 64 каза тапты.