Баткен облусунда оорунун очогу болгон аймактарда санитардык талаптар күчөтүлдү

09:55, 02 октября 2020, Бишкек - 24.kg

Баткен облусунда коронавирус оорусу менен ооруган жарандар Кадамжай районунун Халмион айыл аймагынан көп катталууда. Бул тууралуу өкмөттүн аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, облустагы 1-октябрдагы 77 жаңы учурдун 11и Халмион айылынан катталды. Күн сайын айыл аймактан 10дон, 20га чейин жугузуу аныкталууда.

Аталган айыл аймагында жайгашкан «Баяман баатыр» базарында жума, ишемби жана дүйшөмбү күндөрү санитардык күн деп белгиленген.