11:07, 01 октября 2020, Бишкек - 24.kg
Ош облусунда коронавирустан бир бейтап каза тапты. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги маалымдайт.
Башка аймактарда вирустан өлүм катталган жок.
Март айынан бери коронавирустан өлгөндөрдүн саны 1 миң 65ке жетти.
Министрликтин билдирүүсүндө, 871 бейтап стационарда, 1 миң 467 бейтап үйдөн дарыланууда.