Баткендеги чектөөлөр өзгөртүлдү. Коомдук транспорт жүрүп турат

09:59, 29 сентября 2020, Бишкек - 24.kg

Баткен облустук штабы киргизилген чектөөлөрдү кайрадан карап чыкты. Бул тууралуу өкмөттүн аймактагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирет.

Алардын айтымында, коомдук транспорт, мал базары жана мечиттерге санитардык талаптарды сактоо менен иштөөгө уруксат берди.

Бирок облуста катуу көзөмөлдөгү беткап режими жана той аштарга болгон чектөөлөр күчүндө калды.

«Ал эми базарларда, соода борборлорунда, дүкөндөрдө, тамактануучу жайларда, коомдук жайларда санитардык талаптардын аткарылышы боюнча күн сайын рейд жана дезинфекциялоо иштери жүрөт, баш ийбегендерге мыйзам чегинде чара көрүлөт», — дейт облустук администрация.

Белгилей кетсек, Баткенде эпидиомологиялык кырдаал кооптуу. Сентябрь айында облуста вирус жугузгандардын саны көп катталууду. Жалпысынан март айынан бери 2 миң 956 кишиден вирус аныкталды.