COVID-19. 2- 6-класстын окуучулары мектепте окуп башташат

12:07, 28 сентября 2020, Бишкек - 24.kg

2инчиден 7-класска чейинки окуучулар мектепте окуп башташат. Бул тууралуу брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, мектепте окууга алгач 2-6-класстын окуучулары келет. Окуу мекемелеринде бет кап тагынып, антисептик колдонуп, аралыкты сакталышы керек.

«Кийинки этапта 7-11-класстын окуучулары кайтып келишет. Университеттердин студенттерин кайтаруу кийинки этаптарда чечилет», — деди ал.

Саламаттыкты сактоо министрлиги, акыркы чечим эпидиомологиялык кырдаалга карата чечелерин белгилейт.

Учурда мектептерде 1-класстын окуучулары гана окушууда.