12:07, 28 сентября 2020, Бишкек - 24.kg
2инчиден 7-класска чейинки окуучулар мектепте окуп башташат. Бул тууралуу брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Анын айтымында, мектепте окууга алгач 2-6-класстын окуучулары келет. Окуу мекемелеринде бет кап тагынып, антисептик колдонуп, аралыкты сакталышы керек.
«Кийинки этапта 7-11-класстын окуучулары кайтып келишет. Университеттердин студенттерин кайтаруу кийинки этаптарда чечилет», — деди ал.
Саламаттыкты сактоо министрлиги, акыркы чечим эпидиомологиялык кырдаалга карата чечелерин белгилейт.
Учурда мектептерде 1-класстын окуучулары гана окушууда.