11:30, 28 сентября 2020, Бишкек - 24.kg
Ош облусунун аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институту маалымдайт.
Зилзала 28-сентябрь күнү саат 02:32де катталып, очогунда күчү 4 баллга жетти.
Жердин силкинүүсү Алай районундагы Ачык-Суу, Жайылма, Кашка-Суу айылдарында 3 баллга чейин сезилген.
Жабыркагандар жана кыйроолор жок.