Улуттук банк доллардын баасын түшүрүү үчүн дагы рынокко акча чыгарды

10:32, 28 сентября 2020, Бишкек - 24.kg

Улуттук банк финансалык рынокко 19 миллион долларды сатыкка чыгарды. Бул тууралуу мекемеден билдиришти.

Бул банктын сентябрь ичинде жүргүзгөн үчүнчү интервенциясы. Жалпысынан АКШ долларынын баасын түшүрүү үчүн 37 миллион 450 миң сом сатылды.

Фото

Эскерте кетсек, өткөн жумада доллардын наркы өсүп, 80 сомго жакындады. Бир жумада АКШ валютасы тыйынга өстү.