Мугалимдерге кеңеш. Видео сабакты өткөрүүнүн жол жобосу

10:23, 25 сентября 2020, Бишкек - 24.kg

Билим берүү жана илим министрлиги «Сорос Кыргызстан» фондунун ЖМКны колдоо борбору менен биргеликте мугалимдер үчүн видеосабактарды иштеп чыкты. Бул тууралуу мекемеден билдиришти.

Анда сабакка даярданууда заманбап медианы жана маалыматтык сабаттуулукту колдонуу жолдору көрсөтүлөт. Адистер мугалимдер менен бирге сабактардын 12 сценарийин иштеп чыгышты.

Мугалимдерга «Видеосабактарды кантип өткөрүү керек» жана «Мугалимдер үчүн фактчек» усулдук видеосабактары дагы сунушталат.

Сабактар менен кыргыз тилинде жана орус тилинде танышууга болот.