Таласта жаңы оорукананын оңдоо иштерине 42 миллион сом чыгымдалды

09:49, 25 сентября 2020, Бишкек - 24.kg

Талас райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун реконструкциялоо иштерине республикалык бюджеттен жана «Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөшүү» коомдук фонддун эсебинен 42 млн 500 миң сом каржыланды. Бул тууралуу Республикалык штаб маалымдайт.

Алардын билдирүүсүндө, Талас облусунун Талас районундагы Көк-Ой айылындагы 160 орунга ылайыкташкан Талас райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун реконструкциялоо иштери август айында башталган.

Фото

Объектте жылытуу тармагы толугу менен алмаштырылды, электртутамдары кайрадан жасалып чыкты, суу өткөрүүчү жана канализация түтүктөрү , имараттын чатырын оңдоо жумуштары, эшик-терезелер алматырылды, ички тосмолор орнотулуп бүттү.

Учурда ички жасалгалоо жана фасадды сырдоо жумуштары жүргүзүлүүдө .

Объектти толук кандуу суу менен камсыздоо максатында скважина казылып, сырткы суу түтүк тармактарын орнотуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.