16:24, 24 сентября 2020, Бишкек - 24.kg
Мурдакы премьер-министр Сапар Исаков № 27 түзөтүү абагына которулду. Бул тууралуу жактоочусу Бакытбек Автандил уулу билдирди.
Анын айтымында, Сапар Исаков үч иш боюнча айыптуу деп табылып, жалпысынан 18 жылга эркинен ажыратылды.
«Сапар Исаковлу 22-сентябрда которушуптур. Себептери бизге белгисиз. Учурда ал карантиндик зонада экен», — дейт Бакытбек Автандил уулу.
Белгилей кетсек, Сапар Исаков Бишкек жылуулук станциясын модернизацияло, Тарых музейин оңдоо жана Чолпон-Ата шаарындагы ипподромду оңдоо кылмыш иштери боюнча соттолду.