Партиялардын тизмесинен 45 талапкер чыкса, алардын 17си аялдар

15:23, 24 сентября 2020, Бишкек - 24.kg

Шайлоого катышып жаткан партиялардын тизмесинен 17 аял чыгарылды. Бул тууралуу Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Анын маалыматында, 16 партиядан 2 миң 32 талапкер катталган.

«Мыйзам боюнча тизме өзгөрүлбөйт, бирок, өз калоосу менен чыгып кетсе болот. Тизмеден чыккан талапкердин ордун кийинки талапкер басат», — дейт Нуржан Шайлдбекова.

Шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага 16 партия катышууда.