14:01, 24 сентября 2020, Бишкек - 24.kg
Кыргызстанда жыл башынан бери 25 миң 664 үй-бүлө түзүлдү. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы билдирет.
Бүгүн Кыргызстанда Үй-бүлө, тынчтык жана ынтымак күнү белгиленүүдө.
2020-жылдын 1-январынан бери Кыргызстанда 25 миң 664 түгөй баш кошкон. Ал эми былтыр 33 миң 929 жуп үй-бүлө курду.
Жыл башынан бери Кыргызстанда 113 миң 922 ымыркай жарык дүйнөгө келген.
Кыргызстанда Үй-бүлө, тынчтык жана ынтымак күнү 2011-жылдан бери белгиленип келет.