Кыргызстанга акча которуулар 9,3 пайызга төмөндөдү

12:24, 24 сентября 2020, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанга акча которуулар 9,3 пайызга төмөндөдү. Бул тууралуу маалымат жыйынында экономика министринин орун басары Автандил Алыбаев билдирди.

Анын айтымында, үстүбүздөгү жылдын январь-июль айларында акча которуулардын көлөмү 1225,3 млн долларды түздү. Ал 2019-жылга салыштырмалуу 9,3%га төмөн.

Алыбаев акча которуулардын кыскарышына жарандардын мекенине кайтышы жана иштеген өлкөлөрүндө ишканалардын жабылышы себеп болгонун айтат.

«Инфляцияга токтоло турган болсом 8 айдын ичинде инфляция 5,6 пайызды түздү. Ал эми валюталык рынокто акыбал туруктуу.», — дейт ал.