13:48
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

«Мекеним Кыргызстан» партиясын Сокулуктагы миңдеген тарапташтары тосуп алды

«Мекеним Кыргызстан» партиясынын талапкерлеринин кезектеги жолугушуусу Чүйдүн Сокулук районунда өттү. Билим берүү жана саламаттык сактоо системаларына реформаларды киргизүү жана айыл чарба тармагына инновациялык ыкмаларды колдонуу зарыл экендигин «Мекеним Кыргызстан» партиясы Чүй облусунун калкы менен жолугушууда айтып, аталган партиянын шайлоо алдындагы программасы менен тааныштырды.

Баш калаага жакын жайгашканына карабай башка аймактар сыяктуу эле Сокулукта чечилбеген социалдык маселелер арбын. Алардын көпчүлүгү айыл чарбасына тиешелүү. «Мекеним Кыргызстан» партиясынын талапкерлери агрардык сектор өнүксө, көп маселелер өзүнөн өзү чечилерин айтып, анын айрым жолдорун сунуштады.

Талапкердин айтуусунда, айыл аймактарынын инфраструктурасын реабилитациялоо жана сугат системасын ондоо, айрым жерлерге суу чыгаруу муктаждыгы көптөн бери бышып жетилип калды. Облусттар аралык бюджет түзүлүп жатканда ички миграция эске алынбай калгандыктан, Чүй облусунун райондоруна финансылык каржылоо толук көлөмдө жетпей калат.

Жолугушуунун жыйынтыгында «Мекеним Кыргызстан» партиясынын талапкерлерин Чүйдүн Сокулук районунда миңдеген тарапташтары ак батасын берип, ийгилик каалашты.

Парламенттик шайлоо ачык жана таза өтүүсүн колдойбуз. Мекеним Кыргызстан — ар бир кыргызстандыктын партиясы!

***

Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Турусбеков көчөсү, 109/1, 510-кабинет.

Эң көп окулган жаңылыктар