11:07, 24 сентября 2020, Бишкек - 24.kg
Бир сутка ичинде өлкө боюнча 6 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министлиги билдирет.
Бишкек шаарында −2, Ош шаарында −3 жана Ош облусунда иштеген бир медиктен вирус аныкталды.
Ал эми бир суткада 5 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыгарылды. Үй карантининен 17 медкызматкер чыгарылган.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында — 3214 учур катталды, алардын ичинен 2896 медкызматкер айыгып чыкты.