COVID-19. Ош облусунда вирус жуктургандардын саны көбөйдү

11:04, 24 сентября 2020, Бишкек - 24.kg

Өткөн суткада вирус жуктургандар Ош облусунда көп катталды. Бул аймакта 38 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирет.

Алардын маалыматында, өлкө боюнча 127 жаңы учур катталды.

Бишкек шаарында — 19, Ош шаарында — 8, Чүй облусунда — 4, Талас облусунда — 3, Нарын облусунда — 2, Ысык-Көл облусунда — 4, Жалал-Абад облусунда — 20, Баткен облусунда — 29 жаңы учуп катталды.

Март айынан бери вирус жуктургандардын саны 45 миң 757ге жетти.