Ноябрдан тарта Сауд Арабия чет элдик зыяратчыларды умрага кабыл алып баштайт

09:28, 24 сентября 2020, Бишкек - 24.kg

Ноябрдан тарта Сауд Арабия умрага зыяратчыларды кабыл ала баштайт. Бул тууралуу Саудиянын Кабар агенттигине таянып муфтият билдирди.

Маалыматка караганда, 4-октябрдан баштап умра жана Аль-Харам мечитине баруудагы чектөөлөрдү акырындап алып салуу иши башталат.

Алгач Сауд Арабиянын жашоочуларына умра кылууга уруксат берилет, бирок күнүнө 6 миң адамдан ашпоосу талап кылынат. 18-октябрдан тарта адам саны 15 миңге көбөйөт.

1-ноябрдан тарта өлкөнүн эпидемиологиялык абалына жараша чет элдик жарандар дагы умрага барууга жол ачылат.