13:52, 23 сентября 2020, Бишкек - 24.kg
Тышкы иштер министрлиги орус-казак чек арасынан өтө албай турган кыргызстандыктары эртең мекенине алып келет. Бул тууралуу мекемеден билдиришти.
Чек арадан өткөндөн кийин алар автобус менен Казакстан аркылуу Кыргызстанга жеткирилет. Өтө көп адам топтолгондуктан биринчи топ 24-сентябрда, экинчиси 25-сентябрда алып келинет.
ТИМ мигранттарга орус-казак чек арасы жабык экенин жана шылуундарга ишенип жолго чыкпоону өтүнөт.
Белгилей кетсек, орус-казак чек арасында 3 миң 200 кыргыз жараны топтолду. Буга чейин дагы бир нече жолу Тышкы иштер министрлиги Казакстан менен сүйлөшүп, чек арага топтолгон жарандарды өлкөгө алып келген.