17:23
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Баткенде 24 ишканага айып пул салынып, 88 ишканага эскертүү берилди

Баткен облусунда эпидемиологиялык абал кооптуу болуп жаткандыктан, санитардык норманы сактоо боюнча талаптар күчөтүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн аймактагы өкүлчүлүгөн билдиришти.

Маалыматка караганда, облустун бардык аймактарында, тийиштүү органдардын өкүлдөрүнөн турган атайын комиссия рейд жүргүздү.

Бир күндө облуста 135 обьект текшерилип, жергиликтүү бийлик жана санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борбору тарабынан 15 протокол түзүлүп, 29000 айып пул салынды, ал эми ички иштер органдары тарабынан 9 протокол түзүлүп, 27000 айып пул салынды.

Санитардык норманы сактабаган 82 ишканага эскертүү берилди.

Тилекке каршы, анын ичинде 2 жеке менчик балдар бакчасы да бар.


Облуста март айынан бери жалпы ооругандардын саны 2706 адамды түзсө, анын 63 каза болду.

Эң көп окулган жаңылыктар