02:40
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Мирлан Амантуров: Мал чарбасын өнүктүрүү-«Мекеним Кыргызстандын» алдыңкы максаты

«Мал чарбасы — жыл сайын өлкөнүн бюджетине миллиондогон доллар киреше алып келе турган жана ата мекендик продукцияны өлкөнүн ичинде да, сыртында да өнүктүрүүгө мүмкүндүк берген экономиканын алдыңкы чөйрөсү. Анын үстүнө, калктын 60 пайыздан ашыгы айыл жеринде жашайт жана өлкөбүздүн климаты мал чарбачылыгы менен алектенүүгө чоң мүмкүнчүлүк берет», — дейт «Мекеним Кыргызстан» саясий партиясынан талапкер Мирлан Амантуров.

Ага кошумча, «Мекеним Кыргызстан» партиясынын программасында ата мекендик фермерлерге мамлекеттик колдоону күчөтүү жана каржылоону көбөйтүү сунушталууда. Анда биздин дыйкандарды тоют менен камсыз кылуу, мал чарбасын өнүктүрүү үчүн мамлекеттик банктар аркылуу төмөнкү пайыздык насыяларды берүү жагы камтылат. Мал чарбачылыгы менен алектенген фермерлердин билимин арттыруу да маанилүү.

Ошондой эле партиянын программасында фермерлер үчүн ири мүйүздүү малдарды (уй, бука) жасалма жол менен уруктандыруу технологиясын иштеп чыгуу жана кайра карап көрүү сунушталат. Тактап айтканда, «Мекеним Кыргызстан» партиясынын программасында уйлардын жана букалардын асыл тукумдуулугун көбөйтүү үчүн жасалма жол менен уруктандыруу программасын киргизүү каралган. Бул сандан сапатка өтүп, өндүрүмдүүлүктү бир нече эсе жогорулатууга мүмкүндүк берет. Эң маанилүүсү ветеринардык ыкма менен жасалма уруктандыруу коңшу мамлекеттердин мал чарбачылыгынын практикасында эчактан бери кеңири колдонулат.

Асыл тукум жаныбарлардын бир канча пайдалуу жактары бар. Мисалы, эт жана жүндүн көлөмү абдан жогору бааланат. Тоң районунда жаран 5-10 баш мал кармаса 5-6 жыл багып, анын ар биринен болгону 150-200 килограмм эт, же 55-60 миң сом киреше алат. Малдын чыгашасы өздүк баасынан алда канча жогору болот.

Ал эми жасалма уруктандыруу менен өстүрүлгөн мал 2-3 жылда 300-400 килограмм эт берет. Мындай малдарды уруктандыруу аркылуу да жакшы киреше табууга болот. Ушундай эле маселе сүт багытындагы уйларда да бар. Азыр аймактагы 5 уй баккан жаран 10-15 литр сүт алса, асыл тукум бир эле уй 20 литр сүт берет. Бир асыл тукум саан уйдан бир жылда 1500 доллар таза киреше табууга болот.

Ал эми беш жыл багылган койдон 22-25 килограмм эт алабыз. Анын чыгымы орточо 8500 сомго айланат. Меринос жана башка породадагы койлорду алып келсек, 2-3 жылда 36-45 килограмм эт берет. Кирешесинде чоң айырма болгону менен, ар бир малдын жем-чөбүнө кеткен чыгымдары бирдей эле. Биздин программанын мааниси ушунда. Биз сөзсүз мал чарбасын сандан сапатка өткөрүшүбүз керек.

Жасалма жол менен уруктандыруу айыл чарба малдарынын продуктуулугун жогорулатуунун эң натыйжалуу жана тез ыкмасы болуп саналат«, — деди «Мекеним Кыргызстан» саясий партиясынан талапкер Мирлан Амантуров.

«Мекеним Кыргызстан» партиясы төгөрөгү төп келишкен № 4 — тизмеде!

***

Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Турусбеков көчөсү, 109/1, 510-кабинет.

Эң көп окулган жаңылыктар