Казакстан Кыргызстандан алган электр энергиясын кайтара баштады

14:39, 22 сентября 2020, Бишкек - 24.kg

Казакстан 21-сентябрдан тартып Кыргызстанга электр энергиясын кайтара баштады. Бул тууралуу «Улуттук энергохолдинг» кабарлады.

Маалыматка караганда, 2020-жылдын июнь-август айларында Кыргызстан Казакстанга 300 миллион кВт/с электр энергиясын берди. Казакстан ушунча көлөмдө кайтарат.

Эки өлкө ортосундагы келишим 23-июнда түзүлгөн.