Сооронбай Жээнбеков БУУнун жыйынына онлайн катышат

16:21, 21 сентября 2020, Бишкек - 24.kg

БУУнун Башкы Ассамблеясынын 75 жылдык мааракелик жыйынына президент Сооронбай Жээнбеков онлайн катышат. Бул тууралуу өлкө башчынын расмий сайты кабарлады.

21-сентябрда, БУУнун Башкы Ассамблеясынын 75 жылдык мааракелик жыйынынын Жогорку деңгээлдеги жумалыгы өз ишин баштайт. Башкы Ассамблеянын биринчи иш-чарасы БУУнун түзүлгөнүнүн 75 жылдыгына арналган жыйыны болот.

Бул иш-чарада Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков видео аркылуу кайрылуу жасайт. Анын сөзү БУУнун штаб-квартирасында бүгүн кечинде көрсөтүлөт.

Жогорку деңгээлдеги жумалыктын алкагында ошондой эле жалпы дебаттар өтүп, 23-сентябрда кыргыз президенти Сооронбай Жээнбеков видео аркылуу кайрылуу жасайт.

Быйыл БУУнун жыйындары онлайн режимде өткөрүлөт.