Атамбаевдин кеңешчиси Икрамжан Илмиянов ооруканага түштү

15:58, 21 сентября 2020, Бишкек - 24.kg

Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Икрамжан Илмиянов ооруканага түштү. Бул тууралуу 24.kg агенттигине ЖАМКтын маалымат кызматы билдирди.

Алардын айтымында, Илмиянов 16-сентябрда кардиология бөлүмүнө жаткарылды.

«Илмиянов Молдовановка айылындагы № 26 абагында жаза мөөнөтүн өтөөдө. Анын кан басымы көтөрүлүп ооруканага түштү», — дейт ЖАМК.

Белгилей кетсек, мурдакы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси жети жылга соттолгон.