COVID-19. Баткенде Бишкекке карагандар үч эсе көп киши жугузду

11:08, 21 сентября 2020, Бишкек - 24.kg

 Баткен облусунда бир сутка ичинде 25 киши вирус жугузду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирет.

Маалыматка караганда, өлкөдө бир суткада 55 кишиден вирус аныкталды. 

Бишкек шаарында - 8, Ош шаарында - 1, Чүй облусунда– 1, Ош облусунда - 7, Талас облусунда - 5, Нарын облусунда - 2, Ысык-Көл облусунда– 2, Жалал-Абад облусунда – 4 кишиден вирус табылды. 

Март айынан бери вирус жуктургандардын саны 45 миң 471.