03:05
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Башкырстанда 1 миң 700 кыргызстандык мекенине кайта албай жатат

Башкырстанда мекенине кете албай жаткан 1 миң 700 кыргызстандыкты тамак-аш жана дары-дармектер менен камсыздап беришет. Бул тууралуу Россиянын жалпыга маалымат каражаттары билдирди.

Кыргызстандыктар мекенине транзит аркылуу келе жатышкан, бирок чек ара жабылганына байланыштуу, үйлөрүнө жете албайшты.

Башкырстан башчысы Радий Хабиров Өзгөчө кырдаал мамлекеттик комитетине чыгымдардын ордун толуктоо боюнча сунуш киргизүүнү тапшырды. Кыргызстандыктар убактылуу жайгашкан райондордун жетекчилери чыгымдарын негиздеген документтерин комитетке киргизиши керек.

Учурда кыргызстандыктардын басымдуу көпчүлүгү Куюргазы районунда жайгашкан. Жергиликтүү муниципалитеттин жетекчиси Юлай Ильясовдун айтымында, алардын арасында COVID-19ду жугузгандар жок, жана жагдайды бийлик органдары көзөмөлгө алганын билдирди.

Эң көп окулган жаңылыктар