13:41
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Абас уулу Кубанычбек: «Мекеним Кыргызстандын» программасы популизмден алыс

Абас уулу Кубанычбек буга чейин ирригация, комсомол тармактарында иштеген, анан Бажыда эмгектенди. Учурдагы иши — ГЭС куруу боюнча «Нарын өндүрүштүк бирикмеси». 35 жылдык тажрыйбасы бар. Эми өзүн эл өкүлдүгүнөн сынайын деп турган талапкер, депутат болуп калса Мамлекеттин гидро-энергетикалык тармагын өнүктүрүү боюнча маселелерди көтөрөөрүн, көбүрөөк электр энергиясын өндүрүүнүн жолдорун сунуштаарын билдирди. Ошондой эле ал «Мекеним Кыргызстан» партиясын эмне үчүн тандаганын айтты.

— Тандоомдун орундуу себептери бар. Биринчиден, «Мекеним Кыргызстан» жаңы партия. Бирок, ошого карабай парламентке келгенче эле үлгүлүү иштери менен элдин калың катмарына таанылып, эл оозуна алынып калган. Экинчиси, саясий партиянын программасы жана платформасы купулума толду.

— Мисалы, кайсы жери купулуңузга толду?

— Программада ар бир тармак боюнча жазылып, аны өнүктүрүүнүн, абалдан чыгуунун жолдору сунушталыптыр. Талапкерлердин тизмесинде жаңы жүздөргө, эмгегинен баар тапкандарга басым коюлуптур. Ушул жагы да ичимди жылытты. «Мекеним Кыргызстан» партиясында билимдүү, тажрыйбалуу талапкерлердин көптүгү жана команданын күчтүүлүгү партияга мүчө болушума негиз болду десем да болот.

— Мактап жаткан программаӊар ишке ашабы жана эл алдындагы убада аткарылабы?

— Буйруса, биздин партия айткан убадаларын аткарып, программада жазылган тармактардын баарын өнүктүрүүгө аракет кылат. Элдин турмушун жакшыртууга салым кошот. Мамлекеттин өнүгүүсүнө кол кабыш кылат. Элдин жаркын жашоодо жашашына шарт түзөт. Анткени, «Мекеним Кыргызстан» партиясынын программасы популизмден алыс жана өзгөчөлүктөргө бай программа. Андыктан, биздин партия ийгиликке жетелейт. Саясий жарышта ийгиликке жетебиз. Анткени, 4-сан 4-октябрга туш келип отурат. Бул дагы жакшы жышаан. Учурдан пайдаланып, шайлоочуларга кайрылып кетет элем, 4-катарда турган «Мекеним Кыргызстан» партиясын белгилеп, бизге добуш бериңиздер. Анткени, биздин утушка жеткенибиз, элдин жеңишке жеткенине барабар. Буюрса, биз партиянын программасын ишке ашырып, мамлекетибизди өнүгүү жолуна бурабыз. Бизге ишениңиздер, бизге добуш бериңиздер!

Парламенттик шайлоо ачык жана таза өтүүсүн колдойбуз. «Мекеним Кыргызстан» — ар бир кыргызстандыктын партиясы!

***

Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Турусбеков көчөсү, 109/1, 510-кабинет.

Эң көп окулган жаңылыктар