COVID-19. Ооруканаларда 547 бейтап дарыланууда

11:32, 18 сентября 2020, Бишкек - 24.kg

Коронавирустан өлкөдөгү ооруканаларда 547 бейтап дарыланууда. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирет.

Маалыматка караганда, стационарда — 547 бейтап, амбулатордук дарыланууда — 1772 бейтап бар.

Өткөн суткада коронавирустан каза болгондор катталган жок.

Март айынан бери 45 миң 244 киши ооруп, анын 1 миң 63 каза тапты.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында — 3188 учур катталды, алардын ичинен 2760 медкызматкер айыгып чыкты.