Долондогу жол кырсыгында эки адам жабыркады

10:38, 18 сентября 2020, Бишкек - 24.kg

Долон ашуусунда оор жүк ташуучу унаа оодарылып, эки адам жабыркады. Бул тууралуу КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 286-чакырымында (Долон ашуусу) «Volvo» үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай жолдон чыгып, натыйжада унаа оодарылып кеткен. Кырсык 17-сентябрь күнү болжол менен саат 10:10до катталган.

Министрликтин билдирүүсүнө караганда, кырсыктын кесепетинен эки эркек киши жабыркады.