14:17, 17 сентября 2020, Бишкек - 24.kg
Баткен облусунда рейддик иш чаралар уланууда. Жергиликтүү бийлик, санэпид көзөмөлдөө борбору жана ветеринария кызматкерлери тарабынан биргеликте жүргүзүлгөн рейддин негизинде коомдук унаа, тамактануучу жана эт сатуучу жайлардын санитардык абалы текшерүүгө алынды. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.
Маалыматка ылайык, буга чейин түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, эскертүү берилгенине карабастан бир катар тамактануучу жайларда санитардык талаптар аткарылбагандыктан, жабылды.
Рейддин жыйынтыгында жалпысынан 14 протокол түзүлүп, 50 миң сом айып пул салынды. Мындай иш чаралар күн сайын жер-жерлерде уюштурулуп, көзөмөл күчөтүлүүдө.