Шайлоочулардын 53% СOVID-19 учурунда кантип добуш берүүгө катышарын билбейт

11:03, 17 сентября 2020, Бишкек - 24.kg

Шайлоочулардын 53 пайызы СOVID-19 учурунда кантип добуш берүүгө катышарын билбейт. Бул тууралуу «Общее дело» коомдук фонду жүргүзгөн иликтөөдө айтылат.

Шайлоочулардын 60 пайызы 4-октябрда эпидемиологиялык кырдаалга карабай шайлоо тилкесине барат. 14 пайызы коронавируска байланыштуу кырдаал туруктуу болуп, санитардык талаптар сакталган күндө гана барышат.

Шайлоо 4-октябрда өтөт. Жогорук Кеңештеги депутаттык орундарга 16 партия ат салышууда.