Кара-Суу районунда дарыядан 16 жашар кыздын сөөгү табылды

10:14, 17 сентября 2020, Бишкек - 24.kg

Ош облусунун Кара-Суу районунда дарыядан 16 жашар кыздын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.

Алардын маалыматында, 16-сентябрда Нариман айылында кече жуук суудан кыздын сөөгү табылды.

Куткаруучулар 2004-жылы туулган кыздын денесин милицияга өткөрүп берди.