Бишкекте жол кырсыгы катталды. Унаа жолдон чыгып кетти

09:52, 17 сентября 2020, Бишкек - 24.kg

Бишкекте жол кырсыгында машина оодарылып кетти. Анын видеосу Facebook баракчасына жүктөлдү.

Күбөлөрдүн айтымында, окуя Баялинов көчөсүндө болду. Бош эле жолдо бара жаткан унаа бордюрду сүзүп, оодарылып кетти. Машинадагы эки кыздын бири катуу жабырканагы айтылат.