14:32, 16 сентября 2020, Бишкек - 24.kg
Нарындын Кара-Кече аймагындагы көчкү түшкөн жол тазаланбайт. Бул тууралуу ишти кароого алган комиссия билдирет.
Алардын маалыматында, Кара-Кече капчыгайындагы көчкү түшкөн жолду тазалоо мүмкүн эмес. Андыктан, аны айланып өткөн жол курулат.
«Көчкүнү тазалоо кыйын. Айрым жерлерине техника жетпейт. Анын ордуна айланма жол курула», — дейт Жол министрлиги.
Жаңы жолду 12 күндө бүткөрүү пландалууда.