05:26
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Абданбек уулу Белек: Кытай—Кыргызстан—Өзбекстан темир жолун курууну тездетебиз

Абданбек уулу Белек жогорку билимдүү. Кесиби — энергетик. Ал жаатта 11 жыл иштеген. «Түндүкэлектро» АКК, «Ошэлектр» АКК, Жалал-Абадэлектро» АККда эмгектенген. Алгач контролер, анан мастер, кийин Энергосбыт, РЭСтин жетекчилик кызматына чейин жеткен. Директорлор кеңешинин төрагасы болгон. Бакубат-Талас фондунун директору, «Ак- Куула» Улуттук ат оюндарынын Талас облусу боюнча төрагасы.

— Абданбек мырза, депутат болуп калсаңыз кайсы маселенин алкагында иш алып барасыз?

— Кудай буйруп депутат болуп калсам, биринчи энергетикада тармагы боюнча маселе көтөрөм. Өлкөбүздөгү генерациянын кубаттуулугун күчөтүү жана көбөйтүүнүн аракетин көрөм. Себеби, бизде азыркы убакытта электр энергияны өндүргөн ГЭСтердин 10-20 пайызын гана иштетип жатабыз. Тагыраагы, Токтогул ГЭСи жана башка ГЭСтер жана ЖЭБдин аз электр кубаттуулугун өндүрүп жатабыз. Бул тармак боюнча менде тажрыйба бар. Электр энергиясын көбүрөөк өндүрүүнүн жолун тапсак болот. Көбүрөөк өнгөн электр энергиясы өндүрүштү күчөтүп, экономикабызга чоң салым кошмок. Элдин турмушу жакшырмак.

— «Мекеним Кыргызстан» партиясында бул ойлоруңуз камтылган бекен?

— Албетте. Бул партияны тандоомо бир канча себептер бар. Биринчиси, партиянын курамы жаш, жигердүү иштеген, ишинен майнап чыгарган, ийгиликтүү инсандардан турат. Экинчиси, мындай күчтүү команда менен ийгиликке жетсе болот деген ишенимим зор жана мындай команда менен иштөөнүн өзү ырахат экенин түшүндүм. Үчүнчүдөн, программада «минтиш керек, антиш керек!» деп эмес, маселени чечүүнүн жолу көрсөтүлүп, сунуштардан бери берилген. Мына ушуну да эске алдым. Төртүнчүсү, биздин партиянын программасы ишке ашса, элибизди жаркын жашоосуна шарт түзөөрүнө көзүм жетти. Анткени, парламентке барып калсак, Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушун тездетүүгө аракет кылабыз. Нарында жергиликтүү элдин макулдугу менен ири логистикалык борбор ачуу, эл аралык ишенимдүү инвестор менен биргеликте «Манас» аэропортунда жүк ташуучу борборду курууну жана республикадагы аэропортторду калыбына келтирүү боюнча инвестициялык программаларды ишке ашырууну колго алабыз. «Иштин башы ишкерлик» дегендей бизнес менен ишкерликти өнүктүрүүнү стимулдаштырабыз. Буйруса, элибиздин турмушун жакшыртууну жолго салабыз.

— 4-орун ийгиликтин башаты деңизчи?

— Албетте, бюллетендеги 4-орунду жакшылыкка жоруш керек. Анткени, төрт саны ийгиликке жетелеген жакшы сан. Буйруса, биз 4-октябрда бюллетендеги 4-номур менен бирдикте ийгиликке жетебиз. Тилектерибизди, максаттарыбызды орундатабыз деп ойлойм.

— Шайлоочуларга эмне дээр элеңиз?

— Урматтуу, шайлоочулар, шайлоо күнү жүрөгүңүздү тыңшап, адашпай, № 4 сандагы «Мекеним Кыргызстан» партиясына добуш бериңиз. Биз мамлекетибиздин жаркын жашоосу үчүн болгон күчүбүздү, мүмкүнчүлүгүбүздү жумшайбыз!

Парламенттик шайлоо ачык жана таза өтүүсүн колдойбуз. Мекеним Кыргызстан — ар бир кыргызстандыктын партиясы!

***

Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Турусбеков көчөсү, 109/1, 510-кабинет.

Эң көп окулган жаңылыктар